Акылбек Жапаров: «Кыргыз Республикасы биринчи жолу ЕАЭБдин бюджетине алганга караганда көп акча которду»

2022-жылы Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдиктин жалпы бюджетине биринчи жолу 4 миллиард сом которду, бул сумма алганга караганда көп. Бул тууралуу Алматы шаарында өткөрүлгөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөп жатып билдирди.

Акылбек Жапаровдун айтымында, Кыргыз Республикасында 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүш 7 пайызды түзүп, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 11,4 пайызга өстү.

“Оң тенденция курулушта да байкалды, анда көлөмдүн өсүшү 8,0 пайызды, айыл чарбасында 7,3 пайызды, ошондой эле дүң жана чекене соодада 7,5 пайызды түздү. Өткөн жылдын январь-ноябрь айларында Кыргыз Республикасынын Биримдикке мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 4,2 миллиард АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36,2 пайызга өскөн. Мында экспорттук жеткирүүлөр 1,9 эсеге, импорттук түшүүлөр 1,2 эсеге өскөн. Салыктык жана бажылык башкарууга жаңы ыкмалардын, анын ичинде санариптик технологияларды колдонуунун аркасында биз салыктык түшүүлөрдү 51 пайызга жана бажы төлөмдөрүн 58,2 пайызга көбөйттүк. Мамлекеттик бюджеттин жалпы салыктык кирешелери 50 пайыздан ашык көбөйдү”, — деди Министрлер кабинетинин башчысы.