Акылбек Жапаров маалымат каражаттарын эмне үчүн сыйлай турганын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кечээ, 15-февралда Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылындагы орто мектепке барды. Мектепти кыдырууда билим берүү мекемесинин курулушу жыйынтыкталуу алдында тургандыгы жана 2022-жылдын 18-февралында пайдаланууга берилери белгилүү болду.

«Ушул жылдын январь айында жергиликтүү бийлик органдары тапшырманын аткарылышы боюнча маалымат берген. Бирок өзүңүздөр көрүп тургандай, мектеп али пайдаланууга бериле элек. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын карапайым адамдардын көйгөйүнө карата кайдыгер эмес мамилеси сый-урматка татыктуу. Жарандык көзөмөл болгондо аткаруу бийлигинин алдындагы жоопкерчилик эки эсе жогорулайт. Мектептин курулушу аяктап калды, алдыда жыйынтыктоочу бөлүгү гана калды. Жума күнү ал балдарды кабыл ала баштайт», — деди Акылбек Жапаров.

Басма сөз жыйындын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысына президенттин курулушту тез арада жыйынтыктоо боюнча тапшырмасына карабастан, эмне себептен бүгүнкү күнгө чейин Орок айылындагы орто мектеп пайдаланылууга берилбей жаткандыгы тууралуу суроо берген. Акылбек Жапаров маалымат жыйыны аяктаган соң, дароо объекттеги курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. Чет өлкөлөрдөн курулуш материалдарын ташып келүү мөөнөтү кечеңдегендиктен, курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө жыйынтыктоо мүмкүн болбой калгандыгы белгилүү болду.