Акылбек Жапаров Минск шаарына жумушчу сапары менен барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Минск шаарына (Беларусь) жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Эки күндүк жумушчу сапарынын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысынын төрагалыгы астында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт. Акылбек Жапаров ошондой эле Минск шаарындагы Жеңиш монументине гүлчамбар коюу аземине катышат, «Великий камень» Кытай-Беларус индустриалдык паркына барат, мындан тышкары бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.