Шаршемби, 19.11.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Акылбек Жапаров: «Мындан ары Кумтөрдүн алтын запасы Кыргызстанда сакталат. Кумтөр – Кыргыз Республикасына таандык!»

14:55 21.03.2022
0
Акылбек Жапаров: «Мындан ары Кумтөрдүн алтын запасы Кыргызстанда сакталат. Кумтөр – Кыргыз Республикасына таандык!»

Бүгүн, 21-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» борбордук аянтында өткөн Нооруз майрамын белгилөө иш-чарасына катышты.

Төмөндө анын сөзүнүн кыскача тексти: 

«Бүгүнкү күндө өлкө алдында маанилүү милдеттер турат, аны ынтымак жана биримдик аркылуу гана ишке ашыра алабыз. Дүйнөдөгү абалды эске алуу менен Министрлер кабинети тарабынан учурдун экономикалык чакырыктарын жумшартууга багытталган Антикризистик чаралар иштелип чыкты.

Салык жана бажы кызматы тарабынан чоң иштер аткарылды. Быйыл 2 айдын ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15 миллиард сомго ашык каражат чогултулду. Айыл-чарбасын колдоо максатында дыйкандарды жер салыгынан бошотуу чечими кабыл алынды, ал эми 8 миллион сомго чейин киреше тапкандар салыктан таптакыр бошотулду. Быйыл өлкөнүн агрардык тармагын өнүктүрүүгө 26 миллиард сом бөлүндү, ал эми фермерлер үчүн жеңилдетилген кредиттер боюнча пайыздык ставка болгону 6 пайызды түзөт. Кластердик негизде иштеген ишканаларга – 9 миллиард сом, үрөн сатып алууга – 1,5 миллиард сом жана ирригацияны өнүктүрүүгө жана сугат жерлеринин аянтын көбөйтүүгө 1,1 миллиард сом бөлүнгөн.

Өткөн жылдын эң маанилүү окуясы «Кумтөр» кенинин кыргыз элине кайтарылышы болду. Тышкы жардамсыз эле кендеги көптөгөн өндүрүштүк линияларды иштетип кете аларыбызга көпчүлүгү күмөн санашкан. Бирок биз алдыга коюлган милдетти ийгиликтүү аткардык. Тышкы  башкаруу киргизилгенде кенди иштетүүдөн түшкөн киреше болгону 48 миллион доллар болсо, жылдын аягында 220 миллион доллар таза киреше менен чыктык. Мындан ары карай Кумтөрдүн алтын запасы толугу менен Кыргызстанда сакталып, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштейт. Бул – элдин жеңиши! Кумтөр – Кыргыз Республикасына таандык! Бул тарыхый учур.

Биз реформалардан коркпойбуз, кайда бара жатканыбызды, эмне максаттарды алдыга койгонубузду билебиз. Азыркы биздин аракетибиз консолидацияланган бюджетти быйыл – 400 миллиард сомго, келерки жылы 500 миллиард сомго жеткирүүгө багытталган. Биз бардык күч-аракетибизди карыздарыбызды төлөп, кыргыз элинин бакубат жашоосун камсыз кылууга жумшайбыз! Бизге бир гана нерсе керек – биримдик жана эмгек!».

 

1 / 5
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Жаңы эле шаар макамы берилген Гүлчөгө мэр дайындалды

Жаңы эле шаар макамы берилген Гүлчөгө мэр дайындалды

Автор Айзада Тураркулова
16:22 10.11.2025
0

Президенттин буйругу менен шаар статусун алган Гүлчөгө мэр болуп Нурсултан Тажибаев дайындалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты. Маалыматка ылайык, тиешелүү...

Садыр Жапаров Мисирдин президенти  Абдель-Фаттах Ас-Сиси менен жолугушту

Садыр Жапаров Мисирдин президенти Абдель-Фаттах Ас-Сиси менен жолугушту

Автор Айзада Тураркулова
15:01 05.11.2025
0

Каир шаарында Президент Садыр Жапаровдун Мисирдин Президенти Абдель-Фаттах Ас-Сиси менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма...

Садыр Жапаров: «Мен деле миң үгүтчү көп деп ойлойм»

Садыр Жапаров: «Мен деле миң үгүтчү көп деп ойлойм»

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:45 11.10.2025
0

Коомчулукта Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге миңге чейин агитатор жалдоого уруксат берүү боюнча талкуу уланууда. Айрымдар бул норма акчалуу талапкерлерге артыкчылык...

Садыр Жапаров Ак-Ордодогу киши өлтүрүү окуясы боюнча билдирүү жасады

Садыр Жапаров Ак-Ордодогу киши өлтүрүү окуясы боюнча билдирүү жасады

Автор Эдита Ильясова
14:04 09.10.2025
0

Өлкө башчысы Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына пост жазды. "Эл агын суудай деген чын. Кайда бурсаң, ошол жакка кете берерине...

Садыр Жапаров: «Сооронбай Жээнбеков 5-6 күндүк оор сүйлөшүүлөрдөн кийин отставкага кетти»

Элдик толкундоо кайталанбашы үчүн эмне кылуу керек? Өлкө башчысынын жообу

Автор Эдита Ильясова
11:09 08.10.2025
0

2020-жылдагы октябрь окуяларына быйыл 5 жыл толду. Бул маанилүү окуяны утурлай, «Кабар» агенттигине президент Садыр Жапаров өлкөнү оор кырдаалда колго алган учур,...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Бишкекте массалык мушташка катышкандар кармалды

Бишкекте массалык мушташка катышкандар кармалды

11:26 18.11.2025
Кыргызстанда футбол чемпионаттарынын аталыштары өзгөртүлдү

Кыргызстанда футбол чемпионаттарынын аталыштары өзгөртүлдү

11:03 18.11.2025
“Kav&Kev” компаниясы продукцияларынын жарактуу даталарын өзгөрткөн

“Kav&Kev” компаниясы продукцияларынын жарактуу даталарын өзгөрткөн

12:44 18.11.2025
“Kav&Kev” компаниясы продукцияларынын жарактуу даталарын өзгөрткөн

“Kav&Kev” компаниясы продукцияларынын жарактуу даталарын өзгөрткөн

1
Акжол Махмудов Ислам оюндарында алтын медаль жеңди

Акжол Махмудов Ислам оюндарында алтын медаль жеңди

09:24 19.11.2025
Садыр Жапаров: “Визасыз бир дагы кытай Кыргызстанга кире албайт”

Садыр Жапаров: “Визасыз бир дагы кытай Кыргызстанга кире албайт”

16:28 18.11.2025
Акжол Махмудов Ислам оюндарында жарым финалга чыкты

Акжол Махмудов Ислам оюндарында жарым финалга чыкты

15:24 18.11.2025

АРХИВ

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
« Окт    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү