Акылбек Жапаров: «Өлүмдөн, анан салыктан качып кутула албайсың»

“Эки нерседен качып кутула албайсың – бул өлүм жана салык”, — деди бүгүн, 1-июлда Салык кызматынын кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн иш-чарада Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров.

Ал мамлекеттик бюджеттин негизги булагы салыктар экенин эске салып, америкалык саясатчы Бенжамин Франклиндин сөздөрүн мисал келтирди. «100 долларлык купюраны баары жакшы көрөт. Анда эмне жазылганын окудуңуз беле?», — деди төрага катышуучуларга.

Бүгүнкү күндө салык саясатынын аркасында мамлекет мамлекеттик кызматкерлерге жеңилдиктерди жана жакшы маяналарды бере баштаганын эске салды.