Акылбек Жапаров Орусиядан келген курулуш материалдарынын баасы кандайча көтөрүлүп жатканын айтып берди

Орусиядан алып келинген курулуш материалдарынын баасы бир топ жогорулады. Бул тууралуу депутат Улугбек Садиков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын өзүндө курулуш материалдарына болгон баа көтөрүлгөн жок, мурдагы баасында турат. Ал бул маселени көзөмөлгө алуу керектигин айтып, антимонополияны бул маселени чечүүнү суранды.

Министрлер кабинетинин төргасы Акылбек Жапаров электрондук эсеп-фактуранын киргизилиши менен бардыгы ачык-айкын болуп, жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү пайда болорун билдирди. «Биз азыр дистанттык анализ жүргүзүп жатабыз, ишкерлер жыгачты 1 метр кубун 500 сомдон катташат, бирок сатуучулар бааны кымбаттатып коюшат экен. Азыр эч ким эч нерсени көрбөйт, көзөмөлдөбөйт. Луговое станциясына материалдар келет, ал жерден түнү менен Кант аркылуу ташылат, ар бир машинеге 300-500 доллардан төлөшөт. Ошол эле учурда эч кандай документтери жок жана бул материалдарды биздин жарандар абдан кымбат баада сатып алышат», — деди ал.