Акылбек Жапаров отставкага кетиши мүмкүнбү? Өзүнүн жообу

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров отставкага кетиши мүмкүндүгү тууралуу комментарий берди.

«Андай ыктымалдуулук дайыма бар. Ошондуктан, иштей беребиз. Баары Кудай айткандай болот», — болот деди ал.

Акылбек Жапаров отставкага кетүү мүмкүндүгүн эч качан жокко чыгарбоо керектигин да билдирди. «Төрөлгөндүн баарында өлүм да бар. Адам премьер-министр болдубу, бир күнү ал кызматтан кетет. Ал күндү кечке ойлоно берсе, ал эч качан иштебейт», — деди Министрлер кабинетинин төрагасы.