Акылбек Жапаров Сауд Аравиянын элчисин кабыл алды

Кечээ, 30-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасындагы Сауд Аравия падышачылыгын элчиси Ибрахим Аль-Радини кабыл алды.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Аль Сауддун жакында Кыргыз Республикасына болгон иш сапары эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө түрткү берет. Анын айтымында, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу милдеттеринин катарына кыргыз-сауд бизнес форумун, кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комиссиясынын III жыйынын өткөрүү, ошондой эле эки өлкө ортосунда туруктуу авиакаттамдарды ачуу кирет. Ошону менен бирге тараптар жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун, көп тараптуу платформаларда жана эл аралык уюмдарда кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.