Акылбек Жапаровдун Өзбекстанга болгон жумуш сапары аяктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Өзбекстанга болгон жумуш сапары аяктады. Жумуш сапарынын акыркы күнүндө ал Самарканд шаарындагы бир катар айыл чарба ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Анда Акылбек Жапаров жана делегация мүчөлөрү “SAG AGRO” күнөскана комплексинин (“In-vitro” лабораториясы) жана жашылча-жемиштердин негизинде тамак-аш азыктарын чыгарган интенсивдүү багбанчылык боюнча “Agromir” кластеринин иши менен таанышты. “Agromir” компаниясы Өзбекстандын рыногунда лидер болуп эсептелет жана компаниянын шире категориясы боюнча сатуусу 46 пайызга жакын. “In-vitro” лабораторияларында клоналдык тамырлар жана мөмөлүү дарактардын кыйыштырылган көчөттөрү өстүрүлөт. Өсүмдүктөр илдеттерге жана зыянкечтерге чыдабайт, кургакчылыкка туруктуу, ар кандай климаттык шарттарга ылайыкташкан. Учурда лабораторияда жаңгак, бадам, шабдалы, алча, өрүк, алмурут, алма сыяктуу мөмөлүү дарактардын клоналдык тамыры жана кыйыштырылган көчөттөрү өстүрүлүүдө.

Министрлер кабинетинин башчысынын Өзбекстанга болгон жумуш сапары 8-мартта башталган. Сапардын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, анын жыйынтыгында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча 15тен ашуун документке кол коюлду.