Акылбек Түмөнбаев: «Бакиев күнөөлүү эмес болсо, эмнеге өз жерине келе албай жүрөт?»

Апрель окуясында бийликтен куулган Курманбек Бакиев Дубайда болуп өткөн жолугушуу боюнча маек берди. Анда «2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте курман болгондордун өлүмүнө менин күнөөм такыр жок» дегени талкууга түштү. Эл учурда «анда ким күнөөлүү?» деп суроо салып турат. Депутаттар бул тууралуу кандай ойдо?

«Бакиев эмне деп жатат билбейм. Күнөөлүү эмес болсо, бөлөк мамлекетке качып, өз жерине эмнеге келе албай жатат? Келип күнөөсү жок экенин далилдеп бербейби? Мекенинде жашабайбы», — деди депутат Акылбек Түмөнбаев.