Жогорку Кеңештин экс-депутаты жана президенттик шайлоодо Садыр Жапаровду сүрөөнгө алган Алмамбет Шыкмаматов жаңы кызматка барууга камынууда. Саясатчы Инвестицияларды сырттан тартып келүү жана өнүктүрүү боюнча агенттигин жетектегени жатат. Аталган мекеме азыркыдай өкмөттүн алдында эмес, президенттин карамагында жаңыдан түзүлөт. Ал боюнча мыйзам долбоору буга чейин коомдук талкууга чыкканы да маалым болгон.
Соңку жылдары чоң саясаттын казанында кайнап келе жаткан Алмамбет Шыкмаматов жогорудагы кызматка дайындалса, анда президент менен инвесторлордун ортосундагы көпүрөгө айланат. Мындай жоопкерчиликтүү позицияга келүүдө эң ириде коррупциялык иштерге малынбаган, жеке керт башынын эмес, бүтүндөй мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюшу маанилүү.
Эске салсак, экс-депутат, экс-министр Алмамбет Шыкмаматов буга чейин эч кандай коррупциялык иштерге аралашпаганы менен белгилүү.