Атамбаевдин абактан чыгышын Ташиев демилге кылганбы? Өзүнүн жообу

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абактан чыкканы боюнча үн катты.

«Алмазбек Атамбаев эркиндикке чыкты, мен сот органдарынын бул чечимин кубаттайм. Ага ден-соолук каалайм, үй-бүлөсү, жакындарынын жанында болсун эми. Кээ бир адамдар ушунун баарын Камчыбек Ташиев демилгелеп чыкканын айтып чыгышты. Менин Испанияда жерим, үйүм бар экенин, Атамбаев менен биригип, сүйлөшүп алып жатканымды жазып чыгышты. Далил катары Атамбаевдин Испанияга барып дарыланаарын бетке кармашат. Мындай версияны орусиялык “Регнум” порталы да айтып чыкты. Мунун баары, албетте, суу кечпеген нерсе, калп. Менин же бир туугандарымдын Испанияда үйүбүз же кандайдыр бир кыймылсыз мүлкүбүз жок. Деги эле, башка чет мамлекеттин биринде да менин мүлкүм жок, болгон да эмес», — деди ал.