«Алтынбы же балмуздакпы?». Депутат «алтын уурдалып жатат» дегендерге жооп берилиши керектигин айтты

«Алтынбы же балмуздакпы?». Бул тууралуу жыйында депутат Мирлан Самыйкожо президенттин агасынын алтын кармап түшкөн сүрөт боюнча маалымат берилиши керектигин билдирди.

«Уурдалып жатат деп жатышат. Ушул боюнча президенттин аппараты маалымат берип койбойбу. Чын эле алтынбы же балмуздакпы? Эл ызы-чууга түшүүдө. Так маалымат берилсе жакшы болот эле», — деди ал.