«Анда Кыргызстандын жарымын берип койсун». Депутаттар бир нече ишкананын министрликтин карамагына өтүүсүн сындашты

Кечээ, 18-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Евразиялык өнүктүрүү банкы, «Мегаком», Кыргызтелеком, «Дастан» заводун Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берип жаткандыгын сынга алды.

«Мегаком» үчүн канча саясатчылар түрмөдө отурду. Мамлекет эл аралык соттордо күрөшүп, акыркы сот ушул жылы бүткөн. Биз күрөшүп-күрөшүп акырында ошол эле Санариптик өнүктүрүү министрлигине же Ширшовго берип жатабыз. Айтканга аргасыз болуп жатам. Ширшов менен Талант Иманов (ред. санариптик өнүктүрүү министри) дос. Элди алдап эле да. Бул маселе каралышы керек», — деди ал.

Бул маселе боюнча Жанар Акаев да өз оюн айтты. «Алексей Ширшовдун оң колу Талант Имановго бир топ объектилерди токтом менен өткөрүп берди. Кыргызтелеком менен «Мегаком» боюнча мейли дейли, бирок ок чыгарган «Дастан» заводунун бул жерге эмне тиешеси бар? Бул токтомду жокко чыгарыш керек», — деди ал.

Депутат Улукбег Ормонов да ишканалардын министрликтин карамагына өтүүсүн сынга алып, биротоло «Улан» заводун да берип салуусун айтты. «Кыргызстандын жарымын берип койсун министрликке. Буга көңүл буруш керек. Же Талант Иманов «Дастан» ишканасын колунан чыгаргысы келбей жатабы? Анда кайра алып барып койсун ордуна. Кайра иштей берсин», — деди ал.