Апсатаров УКМКнын төрагасынын орун басарлыгынан бошотулдубу? Маалымат расмий ырастала элек

Кечээ, 4-июлда айрым ЖМКлар Бекбосун Апсатаровдун УКМКнын төрагасынын орун басарлыгынан бошотулганын өздүк булактарына таянуу менен жазып чыгышты.

Анын кызматтан бошотулганынын себеби белгисиз экенин да маалымдашты. Бирок УКМК да, президенттик аппарат да бул маалыматты тастыктап же четке кага элек.