«Арак, баңгизат сатылып, кыздар денесин сатып жатпайбы». Депутат Кыдыкбаев казино мыйзамын колдой турганын билдирди

Кечээ, 11-майда Жогорку Кеңештин депутаттары кумар оюндарын мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Ал эми мыйзам долбоор добуш берүүгө коюлганга чейин депутаттар долбоор боюнча өз ойлорун айтышты.

Депутат Жаныбек Кыдыкбаевдин айтымында, Кыргызстанда деле казино ачылышы керек. «Лицензияны деле мыйзам долбооруна киргизсеңер болмок. Кыргыз жарандары кирбейт деп, биз кепилдик беребиз деп жатпайсыңарбы. Бүгүнкү күндө казиного окшош оюндар ойнолуп, ага Кыргыз жарандары эле барып жатпайбы. Компьютерде оюн жүрүп эле жатпайбы. Жашыруун казинолор деле иштөөдө. Биздин жарандарыбыз Казакстанга барып, ойноп жатышат. Бул мыйзамды баарына эле бериш керек. Кыргыздын жарандарына 30 жаштан өйдө. Бирок чектөө коюу зарыл. Суммасын көп кылып эле. Негизинен бул мыйзамды казынаны толтуруу үчүн колдойбуз. Арак деле сатылып жатат, баңгизат деле сатылып жатат, кыздар денесин сатып жатышат. Ал боюнча унчуккан жерибиз жок да. Бул ачык эле болсун, менин оюм ушундай», — деди ал.

Аталган мыйзам долбооруна 55 депутат «макул», 14 депутат «каршы» добуш берди, 69 депутат катталды.