«Ашмалтайдын баары Жогорку Кеңештен чыгып жатат». Мадумаров парламент тарашы керектигин айтты

Бийликтин үч бутагы бири-бирине шайкеш келбей калып жатат. Бул тууралуу депутат Адахан Мадумаров билдирди.

«Эгер Жогорку Кеңеш өзүнүн татыктуу ордун ээлебесе, биз мамлекеттүүлүктү жок кылабыз. А биз ошого бара жатабыз. Чечим кабыл алып жаткандагы позиция абдан маанилүү. Бул жерде абдан туура сөздөр сүйлөнөт, ынтымакка чакырылат. Добуш берген кургур бармак кандай басып берип жатат?! Маселе ушунда. Эгер комитет туруктуу болсо, мыйзамдын кыйшаюусуз аткарылгандыгын көзөмөлдөсө, Жогорку Кеңеш ошондо өз милдетин аткарат. Кыргызстандын кайгысы мыйзамдагы бир да тамга аткарылбайт.

9 ай болду регламент жок. Ушул Жогорку Кеңешпи? Ашмалтайдын баары Жогорку Кеңештин өзүнөн чыгып жатат. Өзүбүз сактабаган мыйзамды өзгөдөн талап кылганга моралдык укугубуз барбы? Жок. Эл ичинде «Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттары тарасын» деп жатышат. Мен биринчилерден болуп колдойм. Биз иштебешибиз керек. Мындай болбойт. Мыйзамсыз Курултай чакырылды. Жогорку Кеңешти көзгө илишкен жок. Жогорку Кеңеш СМС жазып койсоң, ошол менен макул болот деген ишеними бар үчүн», — деди ал.