«Асман», «Бишкек сити»… Эми шаардык кеңештин депутаты «Манас сити» курууну сунуштады

Депутат Казыбек Эргешов Бишкекке “Манас Сити” комплексин курууну Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында сунуштады. Ал борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров маегинде өкмөттөн 300 гектар жер сураганын айтканын эске салды. «Жаңы кичирайондун курулушу реалдуубу?» — деп сурады депутат. 

Биринчи вице-мэр Мирлан Байгончоков муниципалитеттин мындай ниети бар экенин айтты. «Бир жерди аныктап, аны алып, бүт инфраструктураны курабыз. Эгер ишке ашса, биз жаңы кичирайонду «Манас сити» деп атоону сунуштап жатабыз. Москва шаары, Ташкент шаары бар, бизде Манас сити болот», — деди ал.

Буга чейин өлкө бийлиги «Келечектин шаары Асман» долбоорун ишке ашырып жатканын билдирген. 2021-жылдын декабрь айында Министрлер кабинетинин башчысы «Бишкек сити» эл аралык бизнес борборун куруу долбоорун ишке ашырууну жактырган.