«Асмандабай жерге түшкүлө». Депутат башкы прокурорго айланасын тазалап алууга чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов прокуратура кызматкерлерине нааразычылыгын билдирди.

«Мен кээ бир адамдарды жерде жүрсүн деп айткым келип жатат. Себеби, адам асманга чыкпай жерде жүрүп эле өтсө жакшы болот. Бул прокуратура. Биз дайыма прокуратура жөнүндө айтып жатабыз.

Кечээ эң жогорку комиссия Ысык-Көлгө Жогорку Кеңештин токтому менен бардык. 1 апта мурун кат жөнөткөнбүз. Ысык-Көлдөгү балдар үчүн лагердин баары сатылып кеткен. 95 объект сатылган. Облустун прокурору, орун басары келген жок. Биз Бишкектен бардык, алар Чолпон-Атада туруп келишкен жок. 1 райондун прокурору келип, 5 районго жооп берем дейт. Мына маскарапоздук. Жалал-Абадга, Аламүдүнгө бардык. Прокурор жок.

Прокурорлор президенттин буйругун да, Жогорку Кеңештин токтомун да аткарбай жатат. Мен башкы прокурорго иниси катары кайрылам. Тегерегиңизди тазалап алыңыз«, — деди ал.