Атазов Жапаровго: «Кудайдан корккон адам каржыга кол салбайт»

«Сөзүңүздө «Алла Таала» деп сүйлөп жатасыз. Биз сизди колдоп берели. Кудайдан корккон адам каржыга кол салбайт». Бул тууралуу парламент жыйынында депутат Шайлообек Атазов Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болгон Акылбек Жапаровго айтты.

«Калган министрлериңиз каржыга сол салса, камчы алып колуна чабыңыз. Мына Төлөйкандагы спорт зал дагы эле бүтпөй жатат», — деди депутат.