«Баатыр эне» ордени менен 921 аял, «Эне даңкы» медалы менен 664 аял сыйланды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, өлкөнүн көп балалуу энелери «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалдары менен сыйланышты.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» мыйзамынын 9 жана 12-беренелерине ылайык, «Баатыр эне» ордени менен жети жана андан ашык баласы бар жана аларды толук тарбиялаган 921 аял сыйланды. Ал эми «Эне даңкы» медалы менен алты баласы бар жана толук тарбиялап жаткан 664 аял сыйланды.