“Бай болгуң келсе, жол сал”. Садыр Жапаров “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруунун маанилүүлүгүн белгиледи

Садыр Жапаров “Бай болгуң келсе, жол сал” деген кытай эл макалын айтып өттү. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда ал Кытай Эл Республикасына (КЭР) мамлекеттик сапарынын алкагында Сиань шаарында өткөн «Борбор Азия – Кытай» саммитинде билдирди.

Мамлекет башчысы «Бир алкак – бир жолдун» маанилүү звеносу болууга багытталган “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорунун маанилүүлүгүн белгиледи. Бул стратегиялык долбоорду турмушка ашыруу аймакты транспорттук туңгуюктан алып чыгып, 4 миллиардга жакын адамды бириктирип, Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгышка, Иран аймактарына, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Түндүк Африкага жүк ташуу географиясын кеңейтет.

«Көп полярдуулуктун калыптануу тенденцияларын эске алуу менен, биздин аймак дүйнөлүк таасир этүү борборлорунун өз ара жагымдуу алакалашуусуна себепкер болуучу геосаясий ортомчуга айланышы маанилүү. Кытай кадыр-барктуу жана таасирдүү дүйнөлүк державалардын бири катары учурда жаратман мүнөзгө ээ болуп турган маанилүү позитивдүү ролун ойнойт. Эгерде Борбор Азия өлкөлөрү бирдей маданий, тарыхый жана салттуу баалуулуктарды туу тутуп, ушуларга таянуу менен жигердүү өнүгүп келе жаткан коомдоштуктар катары өз ара алакалашса, анда алар ийгиликке жетишет. Саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү, өлкөлөрүбүздөгү биргелешкен инфраструктуралык, социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча практикалык чараларды кабыл алуу туруктуу өнүгүүгө, аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого эң пайдалуу таасир берери айдан ачык.

Коронавирус пандемиясынын кесепеттери, ошондой эле орус-украин жаңжалынан улам айрым өлкөлөр тарабынан киргизилген санкциялардын коркунучу биздин өлкөлөрдүн экономикасына терс таасирин тийгизе баштаганын белгилей кетсе болот. Бул бизден элдерибиздин экономикалык бакубаттуулугун камсыз кылуу, коопсуздукту, анын ичинде азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту чыңдоо үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кылат», — деп кошумчалады президент.