«Бакиевдин өз кызыкчылыгын коргоо укугу бар». Эдил Байсалов депутаттарга жооп кайтарды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов депутаттар Эльвира Сурабалдиева менен Эрулан Кокуловдун сөздөрүнө социалдык тармак аркылуу жооп берди. 

Парламент жыйынында алар Кадыр Кошалиевдин мурдагы качкын президент Курманбек Бакиев менен болгон маеги боюнча маселени көтөрүшкөн. Депутаттар Бакиевдерди реабилитациялоо маселеси боюнча президенттик аппараттан түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан болчу. 

Байсалов депутаттардын талабын жакшы түшүнбөй турганын жазды. «Администрациянын эмнеси тиешеси бар? Биздин өлкөдө сөз эркиндиги бар. Маселеге кызыгуу жогору, тема суроо-талапка ээ болсо, журналист өзү каалаган адамы менен интервью алууга укуктуу», — деп жазган ал.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Курманбек Бакиевдин да өз кызыкчылыгын коргоого укугу бар экенин айтты. «Бакиевдин жаран катары сотто болобу, коом алдында болобу, өз кызыкчылыгын коргоо укугу бар. Бардык экс-президенттер, кандай гана болбосун, биздин тарыхтын бир бөлүгү. Депутаттар бул саясатты колдоп, чыр-чатакты күчөтүүнүн жолдорун издебесе жакшы болмок», — деп жазды ал.