Бактыбек Калмаматов: «Булардын бийлигине «шалтурук» деген сөз туура келет»

Бул бийликке мындан ары мамлекеттин тагдырын бергенге болбойт экен. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып, «Азаттык» партиясынан депутаттыкка талапкер Бактыбек Калмаматов билдирди.

Анын айтымында, азыркы бийлик мамлекетти башкарганга жөндөмсүз. «Мен булардын бийлигин орой айтсам, кечирим сурайм, бирок шалтурук деген термин туш келет. Бир жыл мурда Садыр Жапаров бизге эмне деди эле? Парламентаризм жарабайт экен, ар бири билген оокатын кыла берет экен, президенттик башкаруу болот, баарын мага өткөрүп бергиле, баарын чекчейтем дебеди беле?! Өткөрүп бердик», — деди ал.