Бакыт Төрөбаев: «Коңшу мамлекеттерге кумшекер мыйзамсыз ташылып жатканы тууралуу маалымат бар»

«Кумшекер мыйзамсыз чыгарылып жатат деген маалыматтар бар, бирок такталган эмес». Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

«Бүгүнкү күндө канттын тартыштыгы жок. Бизде азыр «Кайыңды», «Кошой» заводдору иштеп жатат. Коңшу мамлекеттерде тартыш болуп жатканы маалым. Мыйзамсыз алып чыгып жатышат деген маалыматтар бар, бирок такталган эмес», — деди Төрөбаев.

«Дайыма чек ара соодасы болуп келген. Маселен, бул жакка Кордайдан келүү дайыма арзан болуп келген”, — деп кошумчалады айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары Кыргызстандан Казакстанга кумшекер көп ташылып жатканын жазып чыгышкан.