Бакыт Төрөбаевдин жаңы кызматка дайындалганы ырасталды

Бүгүн, 28-мартта «Ата Журт-Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып келген Бакыт Төрөбаевдин жаңы кызматка дайындалганы ырасталды. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.

Ал Азиз Аалиевдин ордуна Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Президенттин жарлыгы менен аталган кызматка дайындоого Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизүү токтом кылынды.

Президент Садыр Жапаровдун дагы бир жарлыгы менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.