Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалды

Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Жетигенов Жогорку Кеңештин 5 жана 6-чакырылышынын депутаты болгон. Ал 56 жашта, Чүй районунун Сайлык айылынын тургуну.

2021-жылдын 28-ноябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жетигеновду камакка алган. Ал бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы боюнча шектелген. 9-декабрда атайын депутаттык комиссия депутат Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга Башкы прокурорго макулдук берүүдөн баш тарткан. Ал сот залынан бошотулган.