«Тажрыйбанын көзөмөлгө алганын «Бүтүн Кыргызстан» далилдеп турат. Азаматсыңар! Ушундай болуш керек». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Балбак Түлөбаев билдирди.
«Башыңда кылыч турса да, позициядан тайбаш керек. Тияк-биякка ойнобош керек да. Бул жакта позициялардын күрөшү болуп жатат. Өкмөт мыйзамдарды алып келип жатат, «Бүтүн Кыргызстан» каршы чыгып жатат. Эмнеге? Өкмөттү сындырыш керек, өзүлөрү бийликке келиш керек. Азамат турбайсыңарбы! Кичине бекем турбайсыңарбы?! Өлүп баратсаң да, позицияңды айтып өл да! Бул шоу эмес, муну саясий упай топтоо дейт, эртеңки президенттик шайлоого даярдык дейт. А биз отуруп бердик. Мыйзамдар жол бергенден кийин аягына чейин ошону менен кетүү керек да. Казинонун мыйзамын ошентип эле кабыл албадыңарбы? Эмне артка кайтып жатасыңар? Же күрөшкүлө, же саясий талаадан чыккыла», — деди ал.