Балбак Түлөбаев: «Эгер Дамира Ниязалиева мыйзамды бузган болсо, шайлоого кеткен чыгымды төлөп бериши керек»

Эки ай мурда мушташ чуусунан улам мандатынан баш тарткан Жаныбек Абировдун ордуна Ленин райондук округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо өткөн аптада болуп өттү. Анын жыйынтыгында эң көп добуш алган Дамира Ниязалиеванын тегерегиндеги чуулуу окуялар шайлоонун кайра өтүшүнө алып келиши ыктымал.

Депутат Балбак Түлөбаев президент Садыр Жапаров талапкерлерди чакырып алып, түшүндүрүп жатса да болбой жатканын айтты.

«Шайлоого канча чыгым кеткен болсо, Ниязалиеванын күнөөсү далилденсе, аны ошол адамдан өндүрүү керек. Азыр кылмыш иши козголду. Далилденсе, аны ошол адамдан өндүрүү керек да, кайра шайлоо өткөрүү керек. Мен сот болсом, ошондой кылмакмын», — деди ал.