Балбак Түлөбаев электр энергиясынын тарифинин көтөрүлүшү тууралуу: «Бийликти төңкөрдүк, маселе чечилдиби?»

Президент Садыр Жапаров өткөн аптада «май айынан электр энергиясынын тарифин 77 тыйындан 1 сомго көтөрөбүз» деди. 2010-жылы Курманбек Бакиевди бийликтен кубалоонун себептеринин бири жарыкка болгон бааны жогорулатуу болгон эле. Депутаттар кезектеги кымбаттоого кандай карашат, ай сайын электр энергияга канча төлөшөт?

Депутат Балбак Түлөбаевдин айтымында, бул аргасыздан болуп жатат. «Чыктык, бийликти төңкөрдүк, маселе чечилдиби? Чечилген жок да. Энергетикалык түзүлүш чириген бойдон калды да. Бул өкмөттү кубалайлы анан? Муну чечиш керек. Бул албетте, ар бири бизди сөгө турган жумуш. Эртең өчүп калса, кандай болот? Бир чечимге келишибиз керек. Айла жоктун оокаты», — деди ал.

Ал ошондой эле электр энергия үчүн айына 7-8 миң сом төлөрүн айтты. «Мен деле эл сыяктуу 8 кабаттын экинчисинде жашайм, бизге башкача тариф жок», — деди ал.