Балбак Түлөбаев: «Сабатсыз министрлер президентти уят кылып бүтмөй болдуңар»

«Президентти уят кылып бүтмөй болдуңар тегерегиндеги сабатсыз министрлер», — деди депутат Балбак Түлөбаев комитет жыйынында.

«Жанындагы кеңешчилер… Туура эмес айтып жатып, жакшы иштердин баарынын ит-акмагын чыгардыңар. Айтыш керек да, «Урматтуу Садыр Нуркожоевич, өкмөт боюнча муну кылыш керек, бул мыйзамдарды өзгөртүш керек» деп. Аны айтпайсыңар. Керек болсо бир-бириңер менен координацияңар жок. Айтса жаман көрөсүңөр. Жаман көрсөңөр жармаңарды бербей койгула», — деди депутат.