Баткен жана Согди облустарынын башчылары жолугушту. Кандай чечимдер кабыл алынды?

Бүгүн, 27-октябрда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода, эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана Тажикстандын Исфара районунун акими Баховадин Баходурзода Баткен районунун Орто-Боз айылы менен Тажикстандын Хожъало айылына чектешкен Төрт Көчө участогунда чек арадагы соңку катталган окуяларды талкуулоо, алдын алуу боюнча жолугушту. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

1) Чек аралаш аймактарда шарттуу чек ара сызыгына жакын курулуш иштерин жүргүзбөө;

2) Мал жандыктар чек арадан өтүп кетсе, эки тарап тең кармабай, өз жерине кайтаруу (чыгарып жиберүү);

3) Аткезчиликке бөгөт коюу боюнча эки өлкөнүн күч түзүмдөрү бирдикте иш-чараларды жүргүзүү – жоопкерчилик эки облустун чек ара кызматтарында;

4) Суу маселеси боюнча Баткен жана Исфара райондорунун акимдери бүгүн саат 16:00дө жолугушуу өткөрүп, бирдикте чек аралаш аймактарда жөө жүрүп, кайсыл жерде көйгөйлүү маселелер бар жер-жеринде чечүү;

«Жыйындын алкагында эки облустун башчылары эки тараптын күч структураларынын жетекчилерине өз ара сүйлөшүү, макулдашуу боюнча убакыт бөлүп беришти», — деп айтылат маалыматта.