Сүлүктү шаарына жаңы мэр дайындалды

Кадыркулов Максат Турганалиевич Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругу менен Максат Кадыркулов мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары – Нарын облусунун Ат-Башы районунун акиминин кызматынан бошотулду. Максат Кадыркулов 1987-жылы 24-январда туулган.

Кыргызстандагы облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын мэрлери мамлекет башчысы тарабынан дайындалат.