Баткенде жүргөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын тизмеси

Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Ажибаев, Акылбек Түмөнбаев, Аманкан Кенжебаев, Нурлан Ражабалиев, Мирлан Самыйкожо, Акбөкөн Таштанбеков, Камила Талиева Баткен облусунда жүрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

«Өз кезегинде эл өкүлдөрү тийиштүү министрликтер жана мекемелер менен бирге жарандар тарабынан түшкөн кайрылууларга жана айтылган сунуш-пикирлерге ылайык иш алып барууда. Учурда Лейлек районунда Камила Талиева, Чыңгыз Ажибаев, ал эми Баткен районунда Акылбек Түмөнбаев, Аманкан Кенжебаев, Мирлан Самыйкожо, Акбөкөн Таштанбеков жана Нурлан Ражабалиев жүрөт», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле депутат Эрулан Кокулов да социалдык тармактагы баракчасында Баткенде экенин айтты.