Баткенде талкаланган үйлөр өз убагында бүтпөй жатканына Марипов нааразы болду

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги 28-30-апрелиндеги окуялардын кесепетинен жабыркаган Баткен облусунун чек арада жайгашкан айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңейтилген кеңешмеси өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери  Баткен облусундагы учурдагы абал жана аткарылган иштер тууралуу отчет берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ишин сынга алды. «Күз ортолоп калды, жакынкы күндөрдө суук түшүшү күтүлүүдө, бирок мамлекеттик жана жеке менчикти толук калыбына келтирүү иштери аягына чыга элек. Каражат толугу менен бөлүнүп берилген, бардык курулуш иштерин бүткөрүү үчүн максималдуу күч жумшалышы керек», — деди Улукбек Марипов.