Бекешев: «Эми мигранттар ар 3 айда 6 миң рубль турган медкароодон өтүшү керек болуп калды. Миңдеген биздин жарандар кезекте турушат»

Орусияда жаңы мыйзам аркылуу мигранттарга оорчулуктар жаратылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

«Миңден ашык киши кезекте медициналык кароодон өтүш үчүн турушат. Медкароо 6 миң рубль турат. 3 ай сайын медкароодон өтүш керексиң. Мына сиз иш сапарга баратасыз, ушул маселени көтөрсөңүз жакшы болот эле. Биздин президент да Орусиянын президентине кайрылса. Ачык эле сүйлөшүш керек. Же таптакыр эле мигранттар тигил жактан кетиши керекпи же кандай болот? Себеби бул мыйзам менен бир топ көйгөйлөр пайда болду. Же анда кош жарандуулук боюнча сүйлөшөлү», — деди ал.