Бийликтен куулганын унуттубу? Жээнбековдун коомдук фонду түзүлдү

Сооронбай Жээнбековдун коомдук фонду түзүлдү. Бул тууралуу анын социалдык тармактарындагы баракчаларга маалымат таратылды. Анда коомдук фонд 2020-жылдын декабрь айынын башында катталганы, максаты түрдүү жаратман демилгелерди колдоо экени жазылат.

Роза Отунбаева президенттикти Алмазбек Атамбаевге өткөрүп бергенден кийин “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фондун жетектеп келет. Сооронбай Жээнбеков 5-октябрдан баштап парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан элдик толкундоолор менен 15-октябрда президенттик кызматтан отставкага кеткен. Адатта кайрымдуулук жана башка иштер менен алек болгон фонддор анын башында турган адам тууралуу элде позитивдүү имидж жаратуу үчүн түзүлөрү белгилүү. Сооронбай Жээнбековдун бийликтен куулганына эки жарым ай эле болду.