«Билбегенден кийин бул жерде эмне кылып отурат?». Депутат Эдил Байсаловго нааразы болду

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыңгыз Ажибаев Кыйноолорду алдын алуу борборунун жетекчисине кайрылып, Лейлек РИИБдин убактылуу кармоочу жайына барып же барбаганын сурады.

Жетекчи барганын айтты. «Ошол жерде соттун чечими менен адамдар мыйзамсыз кармалып турат. Ошону көрүп келдиңизби?» — деди депутат.

«Ооба, көрүп келдик, 8-июнда ошол боюнча кенен токтолдук. Сот тарабынан чыгарылган мыйзамсыз чечимдер бар. Алар кодексте жок нормаларды колдонушат. Ал жөнүндө да айтып жатабыз. Эми бул маселени чечүү улуттук борбордун колунда эмес», — деди жетекчи.

Депутат бул боюнча Эдил Байсалого кайрылып, «эмне дейсиз?» деген суроо салды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов колу менен билбейм деп ишарат кылды.

«Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары билбегенден кийин бул жерде эмне кылып отурат? Биздин суроого жооп бере албай жатат. Азыр бир гана Лейлекте эмес, Бишкекте да бар мындай көрүнүш», — деди депутат.