Шаршемби, 15.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Бириккен демократиялык кыймылы: «Жогорку Кеңеш алгачкы жыйында Садыр Жапаровдон Кумтөргө байланыштуу отчёт алышы керек»

10:46 29.08.2022
0
Бириккен демократиялык кыймылы: «Жогорку Кеңеш алгачкы жыйында Садыр Жапаровдон Кумтөргө байланыштуу отчёт алышы керек»

Оппозициялык «Бириккен демократиялык кыймыл» президент Садыр Жапаровдун Кумтөр кени жана анын алтыны тууралуу билдирүүсүн айыптап чыкты. Анда кыймыл 27-августта Садыр Жапаровдун “Кабар” маалымат агенттигине берген маегине токтолгон.

“Экологиялык зыянды “ормон опуза” кылып, абадан алып эле жазып койдук, аны эсептеп чыккан эч ким жок. Эсептеп чыкчу методикабыз дагы так эмес экен” деди. Демек, 2012-жылы (Садыр Жапаров), 2012-жылы (Темир Сариев), 2021-жылы (Акылбек Жапаров) жетектеген мамлекеттик комиссиялар тарабынан такталган экономикалык, экологиялык зыян эч бир методикасыз жасалганбы? Садыр Жапаров 2017-жылы оппозицияда жүргөндө “колубуздагы турган документтерге таянсак, экологиялык зыян 7 миллиард долларды түзөт, бийлик тарабынан бизге берилбей жаткан документтер колго тийсе, бул көрсөткүч 100 миллиард доллардан ашат» деген. Садыр Жапаровдун кайсы сөзүнө ишенишибиз керек? Ушунча жыл методикасыз саналган зыянды өлчөп жүргөн комиссиялардын башчылары жана мүчөлөрү жоопкерчиликке тартылабы? Методикасыз, эрежесиз, “ормон опуза” аркылуу эсептелген экономикалык, экологиялык зыянды Кыргызстандын соттору бийликтин кысымынын негизинде мыйзамдаштырып келгенби? Ошондо, акыркы 10 жылдан ашуун убакытта Садыр Жапаров оппозицияда жүрүп айткан сөзү калп болуп, ормон опуза аркылуу бийликке келгенби?», — деген суроо салышкан.

Кыймылдын өкүлдөрү Кыргызстандын “Центеррадагы” үлүшүн да сынга алышты. «Президент Садыр Жапаров “Центеррадагы” 26 пайыз үлүшүбүз (баасы 500-600 миллион доллар) жөн эле кагаз болуп калган, 30 жылда 30 тыйын дивиденд бербеген акциянын эмне кереги бар” деди. Ошол эле учурда «2021-жылдын жыйынтыгы боюнча ошол акциялардан түшкөн 11 миллион доллар дивиденддерди төлөттүк» деп өзү билдирди. Эгерде жылына ушундай өлчөмдө дивиденд алып турсак, анда 30 жылда ал киреше канча болгонун эсептеп алгыла. Жөн эле кагаз болсо, эмнеге «Кыргыз Алтындын» жетекчиси Кыргызстандын үлүшүн бербейли деп аракет жасады?» — деп айтылат кайрылууда.

Алар Жогорку Кеңеш жайкы тыныгуудан кийинки алгачкы отурумунун ачык жыйынында аткаруу бийлигинин башчысы Садыр Жапаровдун Күмтөр боюнча отчётун уксун дешти. Оппозициялык кыймыл бийликтен акыркы кол коюлган “Центерра” менен Кыргызстандын тынчтык келишиминин толук текстин,  өкмөттүн токтому менен 2022-жылдын 15-апрелинде дайындалган эл аралык “Ernest & Young” аудиттик компаниясынын корутундусун, 2022-жылдын 10-майында карьердин бортторунун жылышы боюнча өкмөттүн чечими менен түзүлгөн, мамлекеттик атайын экологиялык комиссиясынын жыйынтыктарын коомго жарыялоону талап кылууда.

Ушул жылдын март айында «Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы» түзүлгөнү жарыяланып, анын курамына Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясатчы Бектур Асанов, экс-депутат Равшан Жээнбеков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана башкалар кирген.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Байсаловдун ордуна Маматканов келди

Байсаловдун ордуна Маматканов келди

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:44 15.04.2026
1

Улан Маматканов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Буга чейин...

БШК № 19 шайлоо округу боюнча Улан Сариевди Жогорку Кеӊештин шайланган депутаты деп тааныды

БШК № 19 шайлоо округу боюнча Улан Сариевди Жогорку Кеӊештин шайланган депутаты деп тааныды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:37 14.04.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-апрелдеги жыйынында Сариев Улан Алмасбековичти № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош...

Президент жаңы үлгүдөгү документтер эл аралык стандарттарга жооп берерин айтты

Президент жаңы үлгүдөгү документтер эл аралык стандарттарга жооп берерин айтты

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:53 14.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 13-апрелде Ош облусунун Алай районунун активи жана тургундары менен түз диалог өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө калктын күнүмдүк...

Садыр Жапаров “Кара-Мык” чек ара заставасына барды

Садыр Жапаров “Кара-Мык” чек ара заставасына барды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:43 14.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 13-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Кара-Мык” чек ара заставасынын инфратүзүмүн жакшыртуу долбоору менен таанышты....

Тармактык комитет эгин талааларына зыян келтирген мал ээлеринин жоопкерчилигин күчөткөн мыйзам долбоорун четке какты

Тармактык комитет эгин талааларына зыян келтирген мал ээлеринин жоопкерчилигин күчөткөн мыйзам долбоорун четке какты

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:22 13.04.2026
0

Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында «Эгинди тебелегендиги үчүн айыл чарба жаныбарларынын...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Апрелде кене чаккан учурлар көбөйдү — 41 адам кайрылды

Апрелде кене чаккан учурлар көбөйдү — 41 адам кайрылды

16:52 14.04.2026
Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондорду сел жүрүшү мүмкүн

Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондорду сел жүрүшү мүмкүн

13:54 14.04.2026
Байсаловдун ордуна Маматканов келди

Байсаловдун ордуна Маматканов келди

09:44 15.04.2026
Байсаловдун ордуна Маматканов келди

Байсаловдун ордуна Маматканов келди

1
Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

1
Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

11:04 15.04.2026
Байсаловдун ордуна Маматканов келди

Байсаловдун ордуна Маматканов келди

09:44 15.04.2026
Кожомкул атындагы Спорт сарайында жаңы бассейн курулат

Кожомкул атындагы Спорт сарайында жаңы бассейн курулат

09:40 15.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү