Бириккен демократиялык кыймылы: «Жогорку Кеңеш алгачкы жыйында Садыр Жапаровдон Кумтөргө байланыштуу отчёт алышы керек»

Оппозициялык «Бириккен демократиялык кыймыл» президент Садыр Жапаровдун Кумтөр кени жана анын алтыны тууралуу билдирүүсүн айыптап чыкты. Анда кыймыл 27-августта Садыр Жапаровдун “Кабар” маалымат агенттигине берген маегине токтолгон.

Экологиялык зыянды “ормон опуза” кылып, абадан алып эле жазып койдук, аны эсептеп чыккан эч ким жок. Эсептеп чыкчу методикабыз дагы так эмес экен” деди. Демек, 2012-жылы (Садыр Жапаров), 2012-жылы (Темир Сариев), 2021-жылы (Акылбек Жапаров) жетектеген мамлекеттик комиссиялар тарабынан такталган экономикалык, экологиялык зыян эч бир методикасыз жасалганбы? Садыр Жапаров 2017-жылы оппозицияда жүргөндө “колубуздагы турган документтерге таянсак, экологиялык зыян 7 миллиард долларды түзөт, бийлик тарабынан бизге берилбей жаткан документтер колго тийсе, бул көрсөткүч 100 миллиард доллардан ашат» деген. Садыр Жапаровдун кайсы сөзүнө ишенишибиз керек? Ушунча жыл методикасыз саналган зыянды өлчөп жүргөн комиссиялардын башчылары жана мүчөлөрү жоопкерчиликке тартылабы? Методикасыз, эрежесиз, “ормон опуза” аркылуу эсептелген экономикалык, экологиялык зыянды Кыргызстандын соттору бийликтин кысымынын негизинде мыйзамдаштырып келгенби? Ошондо, акыркы 10 жылдан ашуун убакытта Садыр Жапаров оппозицияда жүрүп айткан сөзү калп болуп, ормон опуза аркылуу бийликке келгенби?», — деген суроо салышкан.

Кыймылдын өкүлдөрү Кыргызстандын “Центеррадагы” үлүшүн да сынга алышты. «Президент Садыр Жапаров “Центеррадагы” 26 пайыз үлүшүбүз (баасы 500-600 миллион доллар) жөн эле кагаз болуп калган, 30 жылда 30 тыйын дивиденд бербеген акциянын эмне кереги бар” деди. Ошол эле учурда «2021-жылдын жыйынтыгы боюнча ошол акциялардан түшкөн 11 миллион доллар дивиденддерди төлөттүк» деп өзү билдирди. Эгерде жылына ушундай өлчөмдө дивиденд алып турсак, анда 30 жылда ал киреше канча болгонун эсептеп алгыла. Жөн эле кагаз болсо, эмнеге «Кыргыз Алтындын» жетекчиси Кыргызстандын үлүшүн бербейли деп аракет жасады?» — деп айтылат кайрылууда.

Алар Жогорку Кеңеш жайкы тыныгуудан кийинки алгачкы отурумунун ачык жыйынында аткаруу бийлигинин башчысы Садыр Жапаровдун Күмтөр боюнча отчётун уксун дешти. Оппозициялык кыймыл бийликтен акыркы кол коюлган “Центерра” менен Кыргызстандын тынчтык келишиминин толук текстин,  өкмөттүн токтому менен 2022-жылдын 15-апрелинде дайындалган эл аралык “Ernest & Young” аудиттик компаниясынын корутундусун, 2022-жылдын 10-майында карьердин бортторунун жылышы боюнча өкмөттүн чечими менен түзүлгөн, мамлекеттик атайын экологиялык комиссиясынын жыйынтыктарын коомго жарыялоону талап кылууда.

Ушул жылдын март айында «Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы» түзүлгөнү жарыяланып, анын курамына Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясатчы Бектур Асанов, экс-депутат Равшан Жээнбеков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана башкалар кирген.