Бишкек мэри жаңы орун басарын дайындады

Борбор калаанын мэринин орун басары болуп Мурат Осмонов дайындалды. Тиешелүү буйрукка Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Буга чейин Мурат Осмонов Улуттук статистика комитетине караштуу «Борбор интеллектуалдык маалыматтар» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары болуп эмгектенген.