Бишкекке Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келди

Бүгүн, 9-декабрда Кыргыз Республикасына Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян келди.
«Манас» эл аралык аэропортунда Никол Пашинянды Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.