Бекешев 13 жаштагы кыздын кордолушу боюнча: «Министр мындан тыянак чыгарбай, мурдагыдай эле ишин улантып жатат»

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына колдон колго өтүп зордукталган 13 жаштагы кыздын окуя боюнча үн катты.

Анын айтымында, кылмышка шектүү милиция кызматкерлери дагы, жарандар дагы өз жазасын алышы керек. «Аларга өлүм жазасы берилиши керек болчу, тилекке каршы бизде андай жаза жок. Бул окуядан кийин балдар менен иштеген бардык милиция текшерилиши керек. Биз, депутаттар жашы жете элек кызды зордуктаганы үчүн эң катаал жоопкерчиликти белгилеп, кылмыш жоопкерчилигинен качуу мүмкүнчүлүгүн алып салдык, мындай кылмышкерлер кечирим ала албайт жана мунапыс аркылуу эркиндикке чыга албайт. Биз бул мыйзам долбоорун 30-июнда кабыл алып, президентке жөнөтүлдү. Өз кезегинде Министрлер кабинети мектептерде зордук-зомбулукка каршы күрөшүү боюнча сабактарды киргизүүгө, анда «зордук-зомбулук деген эмне, анын кесепеттери, аны менен кантип күрөшүү керек, кимге маалымат берүү керек, эң негизгиси зомбулук болсо унчукпай коюу болбойт» деген сабактарды киргизүүгө милдеттүү. Ички иштер министри мындай жапайы иштерден тыянак чыгарбай, мурдагыдай эле ишин улантууда», — деп жазды ал.