Бишкекте дубалы урап түшкөн көп кабаттуу үйгө тиешеси бар-жогу боюнча депутат үн катты

Бишкекте дубалы урап түшкөн көп кабаттуу үйгө тиешеси бар-жогу боюнча депутат Жусупбек Коргонбай уулу соцтармактагы баракчасы аркылуу үн катты. Анын айтымында, кырсык катталган имаратты куруп жаткан компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон, бирок депутат болуп шайланган соң, аны ишенимдүү башкарууга өткөрүп берген.

«Бишкектеги Жаш Гвардия бульварындагы 75-үйдөгү кырсык боюнча жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы мага тиешелүү маалымат боюнча түшүндүрмө бере кетсем. Кырсык каш-кабактын ортосунда экен, биринчиден, жабыр тарткан адамдарга бардык жагынан курулуш мекеме жардам берүүсүнө үгүттөйбүз. Мен бул курулуш мекемеде негиздөөчүлөрүнүн бири болгом. Мыйзамга ылайык, депутаттык мандат аларда ишенимдүү башкарууга өткөрүп бергем», — деп жазылат билдирүүдө.

Кечээ, 27-мартта жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн кыштары жанында жайгашкан 2 кабаттуу үйдүн чатырына урап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен бир аял жаракат алган.