Тагаевдин ордуна башка Тагаев… Бишкектин Ленин районуна жаңы аким дайындалды

Тагаев Мураталы Абдыкарович борбор калаанын Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Мындан 3 күн мурун Тагаев Русланбек Таштанбекович башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Ленин районунун акими кызматынан бошотулган.