Бишкектин мэри эмне үчүн президенттин тапшырмасын аткарарын айтты

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев эмне үчүн президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын такай аткарып жатканын айтты.

Анын айтымында, Бишкектин мэри өлкө башчынын тапшырмасын аткарышы керек. «Анан мен кимдин тапшырмасын аткарышым керек? Башка өлкөнүн президентининби? Бул биздин президент, Кыргызстандын президенти, биз аны шайлаганбыз. Анын тапшырмасын аткарышыбыз керек», — деди ал.⠀ 

Бүгүн, 9-декабрда Жунушалиев Жапаров жардам берүүнү убада кылган «Жер Ынтымагы» конушунун тургундарына техникалык паспорт берди. Буга чейин мэр «ЖЭБ-2» аймагына барып, президенттин тапшырмасы менен жер тилкелерин мыйзамдаштырмакчы болгон.