Бишкектин вице-мэри жаңы кызматка дайындалып, анын ордуна Олег Попиков дайындалды

«Бишкек жылуулук энерго» коммуналдык ишканасынын директору болуп буга чейин турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэрлик кызматты аркалап келген Ырсалиев Жамалбек Самарбекович дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Өз кезегинде ишкананын мурдагы жетекчиси Азамат Оморов жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Вице-мэрлик кызматка Попиков Олег Владимирович дайындалды. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.