Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Аида Исатбек кызы Билим берүү министри Каныбек Иманалиевге Март окуясында бийликтен куулган Аскар Акаевдин Кыргызстанга келип, ЖОЖдорго лекция окуйбу же жокпу деген суроо узатты.
«Биз ал кишини чакырган эмеспиз. Ал Кыргызстандагы коомдук-саясий турмушка дестабилизация алып келбеши керек», — деди министр.
«Демек, ректорлор өзүлөрү алып келип жатат. Буга оюңуз кандай? Министр катары ушуга тыюу сала аласызбы?» — деп сурады депутат.
«Бул боюнча ар кимдин ою бар. Менде тыюу салганга негиз жок. Эгер саясий чыңалуу жаратса, ректорлор жооп берет. Мен кетип калган президенттердин бирөөсү менен да кызматташкан жокмун», — деди министр.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстандын Душанбе шаарына жумуш сапары менен барды. Төраганын учагы Душанбе эл аралык аэропортуна конду. Аны...
3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясына карата, айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү коомчулукта түрдүү пикирлерди...
Өлкө башчысы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек берип, "Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камакка алынабы? Же сот чечими өзгөрүшү мүмкүнбү?" деген...
3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясына карата, айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү коомчулукта түрдүү пикирлерди...
3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясына карата, айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү коомчулукта түрдүү...