Тармактык комитет жашы жете элек балдардын өлкөдөн чыгуусун жөнөкөйлөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун биринчи окууда карады
Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына)” мыйзам долбоору карап, биринчи окууда жактырды. Демилгечи - депутат Дастан Бекешев.
Мыйзам долбоору баланын жашоосуна иш жүзүндө катышпаган ата-эне баланын Кыргыз Республикасынан убактылуу кетишине негизсиз тоскоолдук кылган жагдайларды жок кылуу, баланын ата-энесинин бири менен убактылуу чыгып кетишинин кыйла ийкемдүү жана адилеттүү жол-жобосун түзүү, бала башка адам менен кеткенде жана туруктуу жашоого кеткенде күчөтүлгөн кепилдиктерди сактоо жана талаш-тартыштарды чечүүнүн тездетилген сот механизмин киргизүү максатында даярдалган. Ушуга байланыштуу мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамынын 40-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын 18 жашка толо элек жараны убактылуу болуу үчүн ата-энесинин бири менен өлкөдөн чыккан учурда экинчи ата-энесинин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу талап кылынбайт.
Мындан тышкары депутат Дастан Бекешев өзү демилгелеген мыйзам долбоору менен Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген “Жашы жете элек балдардын чыгып кетүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору бириктирилип, экинчи окууга чейин толукталып иштелип чыгарын белгиледи.
Комитет “Жашы жете элек балдардын чыгып кетүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Мыйзам долбоору 18 жашка толо элек жарандардын дарыланууга, олимпиадаларга, маданий, билим берүү жана спорттук мелдештерге катышуу үчүн өлкөдөн убактылуу чыгуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө, ошондой эле нотариалдык буйрук институтун киргизүүнүн укуктук механизмин түзүүгө багытталган.