«Биз кичинекей эле өлкөбүз. Согушту токтотууга таасирибиз деле жетпейт. Ошондуктан калыс болушубуз керек». Жапаровдун биринчи жолку үн катуусу

«Биз кичинекей эле өлкөбүз. Согушту токтотууга таасирибиз деле жетпейт. Ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирип, муну менен ал Украинадагы кырдаал боюнча биринчи жолу үн катты.

Бүгүн, 9-мартта мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышып, анда салтанаттын катышуучуларынын алдында сөз сүйлөдү.

«Ааламдашуу доорунда эл аралык коомчулуктан сырт эч бир мамлекет өз алдынча саясат жүргүзүп, өз алдынча өнүгө албастыгы белгилүү. Анын ичинде Кыргызстан дагы коңшу мамлекеттер менен, кайсы бир уюмдарга мүчө-мамлекет катары эл аралык коомчулук менен тыгыз байланышта иш алпарат. Бүгүн дүйнө жүзүндө өнүгүү процесстери ушундай тез ылдамдык менен бара жатканына күбөбүз. Коронавирус пандемиясынан кийин өнүккөн мамлекеттердин экономикасы дагы пандемияга чейинки деңгээлге али жете элек. Ошону менен катар бүгүнкү күндө Россия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуялардын кесепети дээрлик бардык мамлекеттерге терс таасир этип атканын көрүп жатабыз. Кыскасы дүйнөлүк деңгээлде соода-экономикалык, коопсуздук, алака-катыш жана башка чөйрөлөрдө абал кыйын. Айрыкча акыркы күндөрдө эл аралык жагдай жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаал кескин курчуп баратат, буга баам салып байкап турасыздар. Албетте биз кичинекей эле өлкөбүз. Биздин согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт. Ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек», — деди өлкө башчысы.